Таажы вирусу 75 адамдан табылды, 3 киши каза болду

Окуялар тизмеги 12 Сен 2021 10:21
0 ой-пикир

Өлкөдө 12-сентябрга карата коронавирус 75 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 38,

Чүй облусунда – 13,

Ош облусунда – 1,

Талас облусунда – 4,

Нарын облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 11,

Жалал-Абад облусунда – 4,

Баткен облусу – 3 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 655 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 46 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 158 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 428 киши айыгып чыкса, 2 миң 572 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.