Күйөөсү тоголото чапкан аял окуянын видеосун тараткан көңүл ачуучу жайдын кызматкерлерине арыз жазды

Окуялар тизмеги 02 Сен 2021 00:02
0 ой-пикир

Бишкектеги караоке-бардан күйөөсү тоголото чапкан аял окуянын видеосун тараткан көңүл ачуучу жайдын кызматкерлерине каршы арыз жазды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, видео интернетке жарыялангандан бери Д.А. аттуу аялдын жолдошу үйүнө бара элек. Аялга күзөт ордери берилген. Д.А. окуянын видеосун тараткан караоке-бардын кызматкерлерине чара көрүүнү суранып арыз жазган.

Буга чейин социалдык тармактарга эркек киши чыканагы менен аял кишини урганы, анын кесепетинен аял киши тепкичтен кулаган видео тараган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 186-беренеси (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Буга чейин 266-берене (“Бейбаштык”) боюнча иш козголгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.