Таажы вирусунан он адам каза болду

Окуялар тизмеги 01 Авг 2021 15:59
0 ой-пикир

Кыргызстанда 1-августка карата коронавирус дагы 954 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 582, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 87, Ош облусунда – 33, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 43, Ысык-Көл облусунда – 58, Жалал-Абад облусунда – 73, Баткен облусунда – 58 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 457 адам илдеттен сакайды», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 759 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 369 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 163 миң 847 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 146 миң 61 киши айыгып чыкса, 2 миң 335 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.