«Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен

Окуялар тизмеги 01 Авг 2021 16:08
0 ой-пикир

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган Э. И. аттуу эркек адам каза болгон.

Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.