Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанга барат

Окуялар тизмеги 31 Июл 2021 14:08
0 ой-пикир

Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстандын «Аваза» туристтик аймагында боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин жолугушуусуна катышат.

29-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түркмөнстандык кесиптеши Рашид Мередов менен саммитти уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулаган.

Жолугушуунун алкагында бир катар иш-чаралар өтөрү, документтерге кол коюлары пландалган.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин кеңешме жолугушуусу былтыр августта Бишкекте өтмөк. Бирок коронавируска байланыштуу күз айларына, андан соң 2021-жылга жылдырылган. Күзүндө Ашхабад жолугушууну өзүндө өткөрүүнү сунуштагандан кийин президенттердин саммити Түркмөнстанда өткөрүлүшү мүмкүн экени айтылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.