Баткенде тротуардан «акча жегендер» кармалды

Окуялар тизмеги 31 Июл 2021 11:02
0 ой-пикир

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү жол тутумунун курулушундагы аткарылган иштердин жогорулатылган баада көрсөтүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу “Ч.С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жасалган 2 млн 964 миң 700 сомдук тротуар, арык-лотоктору менен курулушту колдонууга кабыл алышкан.

“Бирок, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында жумуш аткаруучу локалдык сметада каралган 1 млн 917 миң 443 сомдук асфальттын тротуарга төшөлбөгөндүгү такталган”,-деп айтылат маалыматта.

Жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү максатында, топтолгон материалдар КР Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.