«Талибдер деген талибдер». Исламисттер Афганистанды башкарып калса аялдарды укугу эмне болот?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 29 Июл 2021 19:23
0 ой-пикир

«Талибандын» террористтери Афганистандын аймагын басып алууну улантышууда. Муну менен катар эле алар имиджин жакшыртуу максатында өздөрүн “элге кам көргөн башкаруучу” ролунда көрсөтүп жатышат. Элдин бир бөлүгү алардын башкаруусуна макул болгону менен көпчүлүгү исламисттердин реваншынан чочулашууда. Согушкерлер тарабынан аңчылыкка алынгандардын катарында аткаминерлер же күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү эле эмес, Афганистандын аялдары дагы бар. Мурда талибдер Афганистандын бийлигин басып алышканда аялдар негизги укуктарынан ажырашкан – мисалы, алар эркектин коштоосу жок үйдөн да чыга алышчу эмес. Азыр башкаруучу топ өлкөнүн аялдарынын кызыкчылыктарын коргоого даяр экенин билдиргени менен, басып алынган райондордо мурдагы тартиптер кайра кайтып баштады.

Согуш

9-июлда талибдер Афганистандын 85%ын басып алышканын жарыялашты. Сандар күмөн жаратканы менен аларды текшерип көрүүгө мүмкүнчүлүк деле жок. Өкмөттүк күчтөр каршы чабуулга өтүүгө аракет кылып жаткан кырдаалда айрым аймактарга көзөмөл өзгөрүшү мүмкүн. Расмий маалыматтарга ылайык, айрым аймактарды кайтарып алууга мүмкүн болду. Жалпысынан Өкмөт аймактын көбү алардын көзөмөлүндө экенин билдирүүдө, бирок бара-бара утулуп бара жатканын да моюндашы керек.

Ар кандай булактардын маалыматына ылайык, акыркы айда согушкерлер ондогон райондорду басып алышкан, аларга тоскоолдук жараткандар жокко эсе болгондуктан алар куралдарды жана техникаларды дагы тартып алууга жетишишкен. Алар иш жүзүндө бир нече провинциянын борборлорун курчоого алышкан: бир нече жолу түндүктө Кундузга жана Афганистандын борбордук бөлүгүндө Газниге кол салышкан.

Жакында Түркмөнстан менен чектешкен түндүк Бадгис провинциясынын борбору Калайи-Науга чабуул башталды. Шаарга жакын райондорду да басып алышкан. Айрым маалыматтарга караганда, согушкерлер шаардык полициянын башкы башкармалыгын жана жергиликтүү мамлекеттик коопсуздук кеңсесин басып алышкан. Кийинчерээк Коргоо министрлиги ал жакка кошумча күчтөр жөнөтүлүп, согушкерлерди шаардын четине сүрүп чыгуу мүмкүн болгонун кабарлаган.

Июлдун башында америкалыктар өздөрүнүн Баграм деп аталган согушчандарга каршы аскерий операциялардын жана өкмөттүк күчтөрдү колдоо борборлорунун бири болгон ири авиабазасын таштап кетишти. Ал жакта “Талибандын” миңдеген тарапташтары камалган түрмө да бар.

Афганистандык аскерлердин айтымында, базаны өткөрүп берүүнү алар менен макулдашышкан эмес, алар объектти алгыча ал жакка мародерлор кирип кетишкен. Алар күзөтчүлөр келгиче казармаларды, кампаларды тоноп жетишишкен. Кийинчерээк айрымдары олжолорун базанын жанында сатышкан — баскетбол, топтору, тазалоочу шаймандар жана башка нерселерди алып кетүүгө үлгүргөн нерселердин баарын сатыкка чыгарышкан. 

Көптөгөн аймактарда согушкерлер Афганистандын чек арасына чыгышкан. Расмий эмес булактардын маалыматына ылайык, алар Иран менен чектешкен чек ара өткөрүү пунктун көзөмөлгө алышкан. Иран телевидениеси артка чегинген ооган аскерлеринин тобу Ирандын аймагына өтүп кеткенин кабарлады. Кийинчерээк Афган бийлиги чек арага кошумча күч жиберип, аймакты Талибандан кайтарып алууга даярданып жатканы белгилүү болду.

Мындан сырткары, «Талибан» Түркмөнстан менен чектешкен Торгунди шаарын басып алган. Тажикстан менен чектеш басып алынган пунктта согушкерлер желегин көтөрүүгө жетишкен. Буга чейин негизги күчтөн бөлүнүп калып, Тажик аймагына кирип кеткен миңдеген афган жоокерлери үйлөрүнө кайтышкан.

Формалдуу түрдө, Талибан өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү улантууда (согушкерлер жакында бир айдан кийин «тынчтык планын» сунуштай алабыз деп убада кылышкан), бирок, чындыгында, аларды жөн гана калканыч катар колдонуп жатышат. Балким, топ өзүнүн жеңиштерин документтештирип, мыйзамдуулукка жетишүү үчүн «тынчтык жараянын» колдонууну күтөт. Өлкөдөн чыгып кетип жаткан америкалыктар Афганистан өкмөтү жакын арада кулайт, туруштук бере албай жатышат дешүүдө.

Көзөмөл

Согушкерлер Афганистанды башкаруучу ролун ачык көрсөтүп, афгандыктарга жакшы жактарын көрсөтүшүүдө. Өлкөнүн түндүгүндөгү талибдер басып алган өтө чоң эмес шаарлардын биринде талибдердин командиринин бири жергиликтүү тургундардын алдында сөз сүйлөп жатып “алардын жашоосуна эч кандай коркунуч жок экенин” айткан. 

Башка райондо болсо жергиликтүү тургундарга, алаардын ичине айрым аткаминерлерге иштерин мурдагыдай эле уланта берүү сунушталууда.

Жада калса, согушкерлер электр тармактарын оңдоо жана таштандыларды тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

«Бул биз үчүн маанилүү учур. Биз азыр кандай кадамдарды кылып жатканыбызды тыкыр карап жатышат. Талибдер карапайым элге жакшы мамиле кылып жатышат”,-деди жакында эле топтун лидерлеринин бири Сираджуддин Хаккани өз кайрылуусунда.

Бул «Талибандын» стратегиясын көрсөтүп турат – күч, коркутуу менен гана эмес, эл тарапта болуп, элди өзүнө тартуу аракети.

Кыймыл мындан ары эл аралык деңгээлде таанылууну көздөйт. Эл аралык Кризис Тобунун консультанты Ибрагим Бахисстин белгилешинче, бийликке кайтып келүүнү көздөгөн Талибан “бузуку мамлекет” болгусу келбейт — жана “эффективдүү менеджерлердин” образы буга жардам берүүгө багытталган. Ошол эле учурда, топтун менеджердик тажрыйбасы бар — ал көптөгөн жылдар бою Афганистандын бейрасмий бөлүгүн башкарып, ал жакта “көмүскө губернаторлор”, соттор, “салыктар” менен параллелдүү күч түзүмдөрүн түзүп, тоо-кен тармагында пайдалуу кендерди казып алууну жана баңги затын көзөмөлдөөнү колго алган.

1990-жылдардагы фундаменталисттик режимге салыштырмалуу талибдердин учурдагы башкаруусу бир топ эле “либералдуу”. Айрым изилдөөчүлөр аларды “модернизацияланган исламисттер” деп аташат. “Көтөрүлүшчүлөрдүн” ролун аткарып жаткан куралчандар калктын колдоосуна кайдигер карай алышпайт жана кээ бир шарттардан баш тартууга даяр. Мисалы аялдардын укугуна тийиштүү жагдайларга.

Талибандар белгилеп кеткендей, аялдар жаңы режимде “хиджаб кийүү эрежесин кармануу менен билим берүү, бизнес жана медицина тармактарында кызмат өтөп, коомго пайда алып келе алышат”. Бирок көпчүлүк мындай реверанстарга ишенбейт. Талибдердин убадалары күмөндүү жана алар бүткүл Афганистанга өз идеологиясын таңуулаганга жакын турган кырдаалда баарын унутуп коюусу мүмкүн.

Taekwondo team members practice during a training session in Kabul, Afghanistan, Tuesday, Nov. 19, 2019 . In war-torn Afghanistan gender discrimination has deep cultural and historical roots and many women suffer from domestic violence, jujitsu seems an ideal sport for women, it teaches a person self-defense when faced with a stronger and heavier opponent by using specific techniques, holds and principles of leverage. Under the Taliban, women were not allowed to go to school, work outside the home or leave their house without a male escort. (AP Photo/Tamana Sarwary)

Тхэквондо боюнча машыгуулар, Кабул. Фото: Tamana Sarwary / AP

АКШнын тыңчылык боюнча Улуттук кеңешинин жакынкы отчетунда белгиленгендей, эгер талибдер өлкөдө бийликти колго алса, соңку 20 жыл аралыгында аялдар укугу тармагындагы жетишкендиктер жокко чыгарылат. Убакыттын өтүшү менен, – деп эсептешет авторлор, – талибдердин легитимдүүлүк жана Эл аралык колдоого умтулуусу алардын өзүн-өзү алып жүрүүсүнө таасир тийгизүүсү ыктымал. Эгер алар өз мамлекетин түзүүгө аракет жасашса, анда алар баарына өз эрежелерин таңуулашат. 

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, “Талибан” тарабынан жакында басып алынган аймактарда мындай көрүнүштөр орун алууда. Аялдарга иштөөгө, көчөгө туугандары же эркектерисиз чыгууга тыюу салынган. Башка эрежелер да калыбына келтирилүүдө – мисалы музыканы чектөө же эркектердин сакалын алуусуна тыюу салуу. Аларга сакал өстүрүү буюрулган.

Укуктар

“Эгер талибдер бийликке келсе, биздин социалдык системабыз кыйроого учурайт”, — дейт Кабулдагы косметикалык салондун кызматкери Султана Карими, – Аялдарды үйлөрүнө жөнөтүшөт жана көчөгө чыгуу үчүн паранжа кийүүгө туура келет”.

“Талибдер деген талибер, – дейт “Талибандын” үркүтүп-коркутууларына кабылган Кандагардагы прокуратуранын кызматкери Зайнаб Файез, – Алар өзүлөрүнөн эмнелерди күтсө болорун көрсөтүштү. Андыктан алар ошол эле идеологиясы менен кайтып келишсе, анда баары мурдагыдай болот”.

“Талибан” Афганистанда бийликти басып алган 1990-жылдары куралчандар кыздар менен аялдардын билим алуусуна тыюу салган. Аялдарга үйдөн сырткары иштөөгө да тыюу салынган. Бирок Брукингс Институтунун маалыматына таянсак, кыз-келиндер талибдердин киреше булактарынын бири болгон опий магын чогултууга тартылган.

Ошондо аялдарды көчөдө оронуп жүрүүгө милдеттендиришип, көчөгө “коргоочунун” (тууган-эркеке) коштоосунда чыгууга уруксат беришкен. Куралчандар музыка менен сулуулук салондоруна тыюу салышкан – мунун аткарылуусун “кулк мүнөз полициясы” көзөмөлдөп турган.

Тыюу салуулар бирдей аткарылган деп айтууга болбойт. Айрым жайларда – мисалы Кабулда алар тыкыр көзөмөлдөнгөн. Кээ бир айыл аймактарында кыздар мектептери өз ишмердүүлүгүн уланткан. Жада калса “Талибандын” кээ бир функционерлери жашыруун түрдө андай мектептерге өз кыздарын окуткан. 

2000-жылдардан тарта исламисттердин режими кулап, талбидер көзөмөлдүк кылган аймактарда чектөөлөрдү ала башташкан. Кыздар менен аялдардын билим алуусуна тыюу салуу алынып салынган: аялдардын билим алуусу куралчандар иштеп чыккан “конституциянын” долбооруна киргизилген. Бирок, албетте, “шариаттын эрежелери” менен айкалыштырылып, “атайын мыйзамга” шилтеме берүү менен.

Башкача айтканда, “Талибан” көзөмөлдөгөн аймактарда формалдуу түрдө кыз-келиндерге мектепке барууга уруксат берилгени менен чектөөлөрдүн айынан окутууну уюштуруу мүмкүн эмес болгон.  “Талибандын” катарында мындай маселелерге карата мамиле бир жактуу болгон эмес – айрым лидерлер аялдар үчүн билим берүүну колдоп, бирок бир топ радикалдуу талаа командирлеринин нараазычылыгын жаратпоо үчүн мындай ойлорун жар салышкан эмес.

Жалпысынан алганда топтун аялдарга болгон мамилеси бир аз эле өзгөргөн: билим алууга укуктуу таанышса да, куралчандар “туура келбеген шарттардын” айынан аны камсыздоодон баш тартышкан. Алсак, куралчандар ээлеген түндүк Кундуз провинциясынын кээ бир аймактарында кыздарга мектепке барууга жана жаш аялдарга ЖОЖдо окууга уруксат берилсе да, түштүк Гильменд провинциясында тескерисинче кыз-келиндерге окууга таптакыр тыюу салынган.

Кээ бир аймактарда куралчандар аялдарга “өзгөчө зарыл иши жаралбаса” үйдөн чыгууга тыюу салышса, башка аймактарда аялдар мурункудай эле иштөөнү улантышкан. Борбордук Вардак провинциясында талибдер жергиликтүү аялдардын көчөдө оронуп жүрүүсүн талап кылышып, анын аткарылуусуна өзгөчө көңүл бурушкан эмес.

Afghan women travel in the back of taxi in the city of Kandahar in southern Afghanistan, Tuesday, Sept. 24, 2013. Recent assaults on several prominent Afghan women have added to growing fears that what few gains Afghan women have made since the U.S. toppled the Taliban government in 2001 could be erased once American-led foreign troops finish withdrawing next year.(AP Photo/Allauddin Khan)

Таксидеги оронгон аялдар, Кандагар. Фото: Allauddin Khan / AP

Афганистандын айрым аял тургундары талибдер ээлеп алган аймактарды таштап кетишүүдө. Башкалары өзүн-өзү коргоо отряддарынын катарына кошулушууда. Мындай аскер бөлүктөрү өлкөнүн түндүк жана борбордук аймактарында жакында түзүлүп баштады. Куралчандар аларды көз жаздымында калытрууга аракет жасап жатышат. Алсак, Гор провинциясындагы аялдардын куралданып,  “Талибанга” каршы ураандарды кыйкырып, демонстрация уюштуруусунан кийин топтун өкүлү “аялдар согуша албайт” деп гана айтты.  

Белгилей кетсек, аялдар буга чейин талибдер менен кагылышууларга катышкан. Джаузджан түндүк провинциясында алардын кээ бирлери жолдошторуна полиция постун коргоого көмөктөшкөн. Калгандары расмий түрдө афган армиясында кызмат өтөшкөн.

8-июлда АКШнын Афганистандын айрым аялдарын кабыл алууга даяр экени белгилүү болду. Мисалы, “Талибандын” куралчандары өмүрүнө коркунуч туудурган активисттерин. Негизи бул символикалык кадам сыяктуу көрүнөт. Анткени Акүйдүн аткаминерлери билдиргендей, кеп бир нече миң виза жөнүндө болуп жатат. Башка жагынан алып караганда ал 20 жылдык аскердик катышуусунан кийин Афганистанды кандай абалда таштап кетип жаткандыгы жөнүндө АКШнын күткөн көрүнүшүн жана талибдер менен макулдашып чыгып кеткенден кийин алардан эмнелерди күтсө болорун толук чагылдырат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.