УКМК пара алган прокурор боюнча маалыматты тактады

Окуялар тизмеги 23 Май 2020 10:37
0 ой-пикир

Прокурордун ага жардамчысы пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу ККР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен бирге жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 150 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан учурунда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылкы К.А. кармалды.

Алдын ала маалыматка караганда, прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатында арыздануучудан 2 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, бүгүн Каракол шаарында Ысык-Көл облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору пара талап кылууга шектелип кармалгандыгы жөнүндө маалымат таркаган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.