Мэр: Бишкекте 25-майдан тарта коронавирустун эӊ коркунучтуу этабы башталат

Окуялар тизмеги 23 Май 2020 13:54
0 ой-пикир

25-майдан тарта борбор калаада коронавирустун эӊ коркунучтуу этабы башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Калаа башчынын айтымында, 25-майдан тартып көптөгөн ишканалар, коомдук транспорт ишке кайтат. Суракматов бардык ишканалардын, өзгөчө базарлардын, соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорт залдардын жетекчилерине эскертүү жасап, мындан ары COVID-19 вирусу жайылган ишкана, мекеме жана башка уюмдун жетекчиси жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи.

23-майга карата борбор калаа Бишкекте 351 адам коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталды. Анын ичинен көпчүлүгү — 102 адам Ленин районунда жашайт. Октябрь районунда 71, Биринчи май районунда 56 жана Свердлов районунун аймагында 43 адам ооруну жуктуруп алган.

Жалпы Бишкек боюнча оору жуктургандардын ичинен 83 адам калааны айланта курчаган 20 жаңы конушта жашашат. Эң көбү — 26 адам Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.