Кыргыз экономикасы эки чоң соккуга дуушар болду, — JIA Бизнес-ассоциациясы башчысы Омошов

Окуялар тизмеги 23 Май 2020 09:28
0 ой-пикир

Кыргыз экономикасы акыркы үч айда эки чоң соккуга дуушар болду . Бири — доллардын кескин өсүшү, экинчиси — коронавирус пандемиясынан улам жаралган көйгөйлөр. Мындай пикирин JIA Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, карантинде эң көп тейлөө жана туризм тармагы жабыркады. Ал эми Кыргызстандын экономикасынын 80 пайызын тейлөө жана соода сектору түзөт. Ал эми жеңилдетилген шартта өкмөт тарабынан бериле турган 14 млрд сом насыя жалпы ишкерлердин 15 пайызына гана жеткиликтүү болот.

«Биздин бирикме 1100гө жакын фирмага сурамжылоо жүргүздүк.  Анда ишканалар апрель айына карата жумушчуларынын санын 10 пайызга кыскартканы белгилүү болду. Мындан сырткары, кызматкерлердин 46 пайызга жакыны —  акы төлөнбөгөн негизде эмгек өргүүсүндө. Алар качан ишке чыгары билгесиз. Пандемиядан кийин көпчүлүк эл көчөгө чыгуудан тартынат, дароо соода кылуудан алыс болушат», — дейт бизнес-ассоциациясынын төрагасы.

Омошов JIA Бизнес-ассоциациясы өкмөт, президенттин аппаратына кризистен чыгууда айрым сунуштарды бергенин маалымдады. Мамлекет ишкерлерге тийиштүү шарт түзбөсө, алар көмүскөгө кирип кетерин эскертти.

«Салыктарга каникул жарыялоо сунушун бердик. Бирок тийиштүү документте пандемия убагында төлөнбөй калган салыктарды октябрда төлөөгө милдеттендирди. Жумуш болбогон соң кайсы салыктан кеп кылабыз? Мамлекет сырттан келген каражаттар менен социалдык төлөмдөрдү жапса, бул ишкерлерге чоң жардам болмок. Мындайда ишкерлер иштебеген учур үчүн Социалдык фондго салык төлөгөндүн ордуна кызматкерлерин жумуштан чыгарып салат. Жумуш берүүчүлөр да келесоо эмес. Мамлекет колдоо көрсөтпөсө, ишкерлер ушудай кадамдарга барат», — дейт Омошов.

Эске сала кетсек, JIA Бизнес-ассоциациясы чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү максатында Кыргызстандын бардык аймактарында иш алып барган көп тармактуу ассоциация. Бүгүнкү күндө өлкөнүн 7 дубанынан 1000ден ашуун ишкердик башын бириктирет.

Чакан жана орто бизнес экономиканын локомотиви болгондуктан, борбордук жана аймактардагы өкүлчүлүктөрүбүз мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташып, ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү максат кылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.