Кызматтык этикага туура келбейт. Ак калпак кийген прокурорго сөгүш жарыяланды

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 16:17
0 ой-пикир

Прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасын так сактабаганы үчүн Ош шаарынын прокуроруна  катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тартип жазасы тууралуу буйрук 20-майда чыккан. Прокурорго сөгүштөн тышкары сый акы да берилбей турган болду.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовдун 9-майда Өчпөс отко гүл коюу иш-чарасында формачан, бирок башына калпак кийип турган сүрөтү Интернетке тарап, катуу талкууга алынган. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында аны кубаттагандар да, сындагандар да көп болгон.

Ош шаардык мэриясы Интернетке жарыялаган сүрөттө прокурордун калпакчан турганын, анын катарындагы башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери баштан-аяк формачан экенин көрүүгө болот.

Башкы прокуратура Кубат Абдраимовдун бул аракети кызматтык этикага туура келбейт деп тапкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.