Коронавирустан дагы 20 адам айыкты. Жалпы 949

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 10:20
0 ой-пикир

Кыргызстанда бир күн ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 9, Нарын облусунан 7, облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 2, Баткен облусунан 1, Ысык-Көл 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 949 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 37 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.