Чет өлкөдө жүргөн 154 кыргыз жараны коронавируска кабылган

Окуялар тизмеги 22 Май 2020 12:53
0 ой-пикир

Чет өлкөдө жүргөн 154 кыргыз жараны COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымдады.

Анын маалыматына караганда, COVID-19 жуккандардын көбү Россия Федерациясында – 105 адам.

«Бириккен Араб Эмиратында – 7 адам болсо (5 дарыланып чыккан), Пакистанда – 22 (бардыгы ооруканадан чыккан), Индияда – 7 (1 киши каза болгон, 6 ооруканадан чыгарылган), Испанияда – 1 (ооруканадан чыккан), Малайзияда – 3 (ооруканадан чыккан), Америка Кошмо Штатында – 1 (айыгып чыккан), Өзбекстан Республикасында — 1, Грецияда — 1 (ооруканадан чыккан), Казакстан Республикасында – 5 (4 — Бишкекте, 1 –Алматыда дарыланууда), Италияда 1 адам бар», — деп билдирди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.