COVID-19: коңшу өлкөлөрдөгү соңку кырдаал

Окуялар тизмеги 21 Май 2020 11:33
0 ой-пикир

Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 2140 кишиге жетти. Маалыматка караганда, акыркы бир сутка ичинде дагы 204 адамдан вирус табылды. 470тей бейтап илдеттен айыгып чыкты. 3500дөн ашуун кишинин абалына дарыгерлер көз салып жатат.

Тажик бийлиги соңку эки күндөн бери COVID-19 илдетинен эч ким кайтыш болбогонун, курмандыктардын жалпы саны 41 адам боюнча экенин билдирди. Бирок социалдык тармактарга жарыяланган расмий эмес тизмеде Тажикстанда 270 адам пневмониядан каза болгонун белгиленген.

Коңшу Казакстанда акыркы бир сутка ичинде 218 адамдан коронавирус табылды. Алардын 50дөйү Чымкент шаарына туура келет. Ушуну менен 13-марттан бери Казакстанда өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандар 6959 кишиге жетти. 3598 айыгып чыкса, 35и кайтыш болду.

20-майга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 2880 кишиге жетти. 13 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Илдеттен 929 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.