ИИМ Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Окуялар тизмеги 19 Май 2020 18:32
0 ой-пикир

Ички иштер министрлигинин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарына бөлүнүп, коронавирус илдетин жайылтпоо максатында алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн сайын Бишкек шаарында жайгашкан коомдук жайларда патрулда жүрүп, шаар тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, мүмкүн болушунча жашаган жеринен чыкпоого үгүттөп, зарыл муктаждык жаралганда гана жеке коргонуу каражаттарын колдонуп, социалдык аралыкты сактоо менен көчөгө чыгуусун суранып келишүүдө.

«Ошондой эле шаар тургундарынан өздөрүнүн, улгайып калган туугандарынын жана жаш балдарынын ден соолугуна көңүл буруусүн суранып, жугуштуу илдеттен коргонуу чаралары жөнүндө айтып беришүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.