Парламенттин комитети башкы прокурордун отчетун угуп жатат

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 16:02
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдагы аткарган иштер тууралуу отчетун угуп жатат.

Жамшитов былтыркы иштер, ачылган кылмыш иштер тууралуу баяндама жасады. Ал прокуратура органдары тарабынан 3882 кызматтык жана коррупциялык иштер Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрге катталганын билдирди. Тергөөнүн жыйынтыгында 1355 иш өндүрүштөн кыскартылган.

Жыйын азыр суроо-жооп багытында уланууда. Тиешелүү комитеттер жактырса башкы прокурор жалпы жыйында баяндама жасайт.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрелинен бери Башкы прокуратураны жетектеп келатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.