«Бизди кетиргиле». Обсервацияга алынгандар нааразылык билдирүүдө

Окуялар тизмеги 18 Май 2020 13:49
0 ой-пикир

Акыркы убакта Росиядан мекенине кайтып келген жарандар «Семетей» обсервациянын шарттарына нааразы. Алар «Бизди кетиргиле» деген талаптарды коюуда.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликтин өкүлдөрү нааразылык билдирип жаткандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн обсервацияга жөнөп кеткени маалым болду.

Буга чейин интернет булактарында обсервацияга жаткырылгандардын көчөгө топтошуп чыгып алгандыгы тартылган видеотасма тараган.

18-майга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 инфекцисы 78 адамдан табылды, алардын 43ү Россиянын Соль-Илецк шаарынан 7-майда автобус менен жеткирилгендер экени расмий айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.