Өзбекстанда болгон жер титирөө Жалал-Абаддын аймагында сезилди

Окуялар тизмеги 15 Май 2020 09:33
0 ой-пикир

14-май күнү саат 22:16да Өзбекистандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылында, Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон айылдарында 4 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында жана Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.