Бишкекке Москвадан 147 кыргызстандык учуп келди

Окуялар тизмеги 14 Май 2020 22:48
0 ой-пикир

Бүгүн, 14-май күнү «Москва-Бишкек» чартердик каттамы менен Кыргызстанга 147 жаран кайтарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстандык жарандар Бишкекке «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү бардык мекендештерибизди өлкөгө кайтаруу үчүн болгон аракеттерди көрүүдө», — деп билдирет республикалык штаб.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.