ЖК селдин кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн маалыматын угат

Окуялар тизмеги 06 Май 2020 09:39
0 ой-пикир

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы бир нече райондордогу селдин кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн маалыматы каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бир жума ичинде аталган аймактарда сел жүрүп, айдоо талааларды, турак жайларды суу каптаган. Өкмөт азыр кырсыктын чыгымын санап жатат.

Алдын-ала маалымат боюнча Лейлек районундагы селдин кесепетинин чыгымы 69 млн. сом деп эсептелген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.