Асылбек Жээнбеков жыйындарга шайлоочулары менен жолугуп жүргөнүнө байланыштуу катышкан эмес, — ЖКнын басма сөз кызматы

Окуялар тизмеги 06 Май 2020 18:52
0 ой-пикир

Кой-Таш окуясы боюнча камалган УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев кайрылуу жасады.

Кайрылуулунун текстин толук келтиребиз.

«Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын 30-апрелдеги палатанын жыйынында сүйлөгөн сөзү айрым бийликтин камчысын чаап жүргөн депутаттар тарабынан бетбактык менен бурмаланды.

Ирина Карамушкина ислам динине жана Сауд Аравиясынын дарегине эч кандай шек жарата турган сөз сүйлөгөн жери жок. Тескерисинче, аны табалап, президенттин инисине болушкан «Мырзалар» тарабынан коомчулуктун көңүлүн маселенин өзөгүнөн башка нукка буруу аракети жасалды.

 «Асылбек Жээнбеков 12-мартта Сауд Аравиясынан келген учакта болду беле?», — деген Ирина Карамушкинанын так жана тике суроосу жоопсуз калды.

Умра сапары жеке туристтик компаниялар аркылуу ишке ашырылат. Менин билишимче, ал жакка барып келүү үчүн жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президенттин тегерегиндеги адамдарга бекер квота  каралган.

Мени жана жалпы коомчулукту да кызыктырган суроо — «Мындай мүмкүнчүлүккө бул сапар кайсы депутат ээ болду экен?» Балким, Асылбек Жээнбеков өзү ээ болгон чыгаар? Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жаралып, көйгөйлүү маселелер каралып жатканда, Жогорку Кеңештин жыйындарына Асылбек Жээнбеков эмне себептен катышпайт? Же президенттин жакын адамдарына элдин, өлкөнүн көйгөйү маанилүү эмеспи?

 Ар бир Кыргызстандын жараны өзү шайлаган эл өкүлүнөн отчёт алууга укугу бар. Ал эми эл өкүлү эл алдында отчёт берүүгө милдеттүү. Эгер бийлик чындыкты жашырбаса, так маалыматты коомчулукка ачыктасын. Кезектеги көнүмүш адатынча калпын айтып же чындыкты жашырса, «Ак үйдүн» өз аброюна эле шек жаралат. Элдин бийликке болгон ишеними бүгүнкү күндө ансыз да болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлде».

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кайрылуу боюнча комментарий берди. Ага ылайык, Асылбек Жээнбеков 6-май күнү парламент жыйынына катышкан. Буга чейинки отурумдарга Жээнбеков шайлоочулары менен жолугуп жүргөнүнө байланыштуу катышкан эмес. Асылбек Жээнбеков коронавирус пандемиясынан улам карантинде кыйналган 5 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таркатып, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөнүн КСДП фракциясы кабарлады.

Эскерте кетсек, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы Канат Сагымбаевди 7-августта Кой-Ташта болгон окуяларга шектүү катары камаган. Ага жалпысынан он айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.