Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчетун жактырды

Окуялар тизмеги 20 Мар 2020 17:04
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция бүгүн, 20-мартта Өкмөттүн 2019-жылда жасаган иши боюнча отчетун угуп, аны жактырды.

Өкмөттүн отчетун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Өз сөзүндө премьер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн, коопсуздук жана коомдук тартипти, эл аралык кызматташтыкты жана санариптештирүү ишин камсыздоо боюнча көрсөткүчтөргө токтолду.

Талкуу учурунда коалициядагы депутаттар премьер-министрдин көңүлүн социалдык-экономикалык маселелерге буруп, коронавирус апаатынан улуттук экономиканы коргоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.