Өкмөт башчы: Айлык, пенсия төлөмдөрү боюнча көйгөй жаралбайт

Окуялар тизмеги 20 Мар 2020 12:30
0 ой-пикир

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 2019-жылдагы өкмөттүн отчётун укту.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчёт берип жатып, кырдаалга байланыштуу өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалады. Анын эсебинде, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн.

«Ачыгын айтышыбыз керек, абал оор. Биздин божомолубуз боюнча бажыдан 12-13 млрд. сом, салыктан 15 млрд. сом түшпөйт деп жатабыз. Муну баарына түшүндүрүп айттык», — деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчы Экономикадагы оор абалга карабай, Абылгазиев өкмөт жарандарга айлык, пенсия төлөмдөрү боюнча көйгөй жаралбай турганын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.