ИИМ: Курал-жарак жана граната сактаган жарандар кармалды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 19 Мар 2020 17:42
0 ой-пикир

Көп сандагы курал, ок-дары, граната, баңгизат сактаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-март күнү шаар тургуну 7-апрель көчөсүндө курал көтөрүп жүргөн жаран жана өспүрүм жөнүндө милицияга кабарлаган. Айтылган жерге келген милиция кызматкерлери 14 жаштагы баланы кармап, бир бычак жана 12-калибрдеги төрт ок-дары алышкан.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүнүн («Курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүргүртүү») негизинде катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында курал сактоо үчүн шектүү катары эки киши кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде белгилүү болгон эки дарек тинтүүгө алынды. Ал жактан 7,62-калибрдагы 1 «Сайга» автоматы, 3 РПГ-18 куралы, 3 граната (жардыруучу каражат), 1 винчестер, 5,45-калибрдеги 248 ок жана 12-калибрдеги 1 ок, калибри 9 мм болгон 85 ок, калибри 10 мм болгон 171 ок, калибри 7,62 мм болгон 700 ок, 22 кылыч, 72 бычак, кара түстөгү 2 беткап, автоматтын магазини табылган. Андан сырткары 360 грамм гашиш менен 1 килограмм 910 грамм салмактагы марихуана табылды.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы мыйзамсыз жүгүртүлгөн нерселерге тиешеси бар башка адамдардын тек-жайын аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.