Япония Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 2000 тест-система берди

Окуялар тизмеги 18 Мар 2020 10:19
0 ой-пикир

Япония коронавирусту аныктоочу 2000 тест-системаны Кыргызстанга акысыз берди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын Жугуштуу оорулар улуттук институтунун башкы директору Такажи Вакита менен жолугуп, Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланган.

Андан сырткары, Такажи Вакита кыргыз элчисине коронавирус (COVID-19) боюнча Япониядагы учурдагы кырдаал жана анын жайылышына бөгөт коюу чаралары тууралуу толук маалымат берген.

Кыргызстанга келген 2000 тест-системалар Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылган.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам катталды. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.