Штаб: Коронавирус жуктуруп алгандар менен чогуу учуп келген 45 жаран изделүүдө

Окуялар тизмеги 18 Мар 2020 15:08
0 ой-пикир

Республикалык штаб Covid-19 вирусу табылган үч кыргызстандыктын авиасапары жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, 3 жаран «Эйр Арабия» авиакомпаниясынын рейси менен 12-мартта саат 20:57де «Манас» аэропортуна конгон. Чартер каттамдын номери ABY 345.

Республикалык штаб Сауд Арабиясынан коронавирус аныкталган үч киши менен кошо учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдады. Ал учакта жалпы 135 жүргүнчү болгон. Алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.

Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус аныкталган үч киши катталды. Алар — Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары.

Бүгүн Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.