Кулматов менен Ибраимовдун иши. Соттук отурум болгон жок

Окуялар тизмеги 18 Мар 2020 10:55
0 ой-пикир

Бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум өтмөк.

Соттук отурумдар залы бош болбогондуктан отурум өткөн жок. Кийинки процесс жума, 20-март күнү өтөт.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн 884 миң сомго бааланган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.