“Бийлигиңизден пайдаланып үйүңүзгө келе бердиңиз, бети жоктор десе!”. Ташиев вице-спикерди катуу сынга алды

Окуялар тизмеги 17 Мар 2020 15:00
0 ой-пикир

«Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеваны катуу сынга алда. Эл өкүлү коронавирус тараган Германиядан иш сапарынан Кыргызстанга келгенде талапка ылайык обсервацияга алынбай, 14 күнгө карантинге үйүнө жөнөтүлгөн.

Саясатчы аткаминердин бул жоругун сынга алып, Фейсбуктагы баракчасына өз пикирин калтырган.

“Эмне үчүн шайлоочулар карантинде ооруканага жаткырылса, сиз үйүңүздө жатасыз? Сиз Жогорку Кеңештин кызматкерлери менен бирге коронавирус боюнча коркунучу биринчи категория болгон Германиядан келдиңиз, сиз этикетти буздуңуз, сиз өзүңүздүн шайлоочуларыңызды ооруканага таштап, бийлигиңизден пайдаланып үйүңүзгө келе бердиңиз, бети жоктор десе!” – деп жазган Ташиев.

Нужно привлеч к ответственности!!!

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Понедельник, 16 марта 2020 г.

Эске сала кетсек, 13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинине алынган.

Германия Кыргызстандын республикалык штабы эпидемиологиялык абалына жараша бөлүштүргөн биринчи категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Биринчи категорияга Германиядан тышкары Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция жана Испания кирет. Бул өлкөлөргө каттаган кыргызстандык жарандар 14 күнгө обсервацияга алынат.

Бирок Германияга иш сапары барып келишкен парламенттин депутаттары обсервацияга жөнөтүлбөй, үй карантине алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.