Атайын кызматтын имаратында Атамбаевдин соту өтүүдө

Окуялар тизмеги 24 Дек 2019 13:38
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча сот процесси өтүп жатат. Сотто судья Эмил Кайыпов төрагалык кылууда.

Процесске айыпталуучу Алмазбек Атамбаев катышып жатат.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчүн келтирди. Ал сот процессинин катышуучуларына шарттын жоктугун жүйө келтирди. Ошондой эле сотту Атамбаевсиз өткөрүүнү суранды.

Бирок, судья жактоочулар келтирген өтүнүчтөрдү четке какты.

Натыйжада мурдагы президент жараян учурунда ордунан туруп, чыгып кетти. Ушул тапта сот тыныгуу жарыялады.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А.Атамбаевге, И.Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.