Трампка импичмент жарыялоонун алкагында кезектеги коомдук угуулар өттү

Аалам, Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 20:27
0 ой-пикир

Бейшемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянынын алкагындагы кезектеги коомдук угуулар өттү.

Анын жүрүшүндө палатанын Чалгын комитетинде Улуттук коопсуздук кеңешинин Россия жана Украина менен болгон мамилелерге жооп берген мурдагы кызматкери Фиона Хилл менен АКШнын Киевдеги элчилигинин кызматкери Дэвид Холмс көрсөтмө берди.

Өз сөзүндө Холмс 2019-жылы мартта президент Трамптын юристи Руди Жулиани менен ага жардам берип жүргөн адамдар АКШнын Украинага карата саясатына көбүрөөк таасир эте баштаганын белгиледи. Ошол маалда Украинанын мурдагы башкы прокурору Юрий Луценко АКШнын Киевдеги элчиси Мари Йовановичтин дарегине айыптоолорду айтып, жыйынтыгында элчи кызматтан алынган. Анда буга Жулианинин тиешеси болгону айтылган.

Мындан тышкары Холмс 26-июлда АКШнын Европа биримдигиндеги элчиси Гордон Сондланддын Трампка телефон чалуусуна күбө болгонун, анда Украинада мурдагы вице-президент Жо Байдендин уулуна карата тергөө иштерин баштоо маселеси талкууланганын билдирди. Анын айтымында, Сондланд ага Украина Трампка Байденге каршы тергөө жүргүзүү жагынан гана кызык экенин кабарлаган.

Трамп Холмстун бул айткандары күмөндүү экенин белгилеп, телефондук сүйлөшүү маалында Сондланддын жанында туруп, президенттин айткан жоопторун уга алмак эместигин белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.