Өкмөт: аймактардагы инвестициялык долбоорлорду каржылоого 538 млн сом бөлүндү

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Ноя 2019 13:02
0 ой-пикир

Бүгүн Өкмөттө инвестициялык бизнес- долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан жактырылган сунуштарды талкуулоо боюнча жыйын өттү. Бул жөнүндө Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө алгачкы жолу бюджеттен бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берүү аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө каражат бөлүнүүдө.

Жалпысынан аймактардан 94 бизнес-долбоор түшкөн, алардын ичинде Комиссия тарабынан 538,3 млн сом суммасына 30у жактырылган. Аларды ишке ашыруу менен 1451 жумуш орун түзүлөт. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттык сактоо, кен иштетүү тармактарындагы долбоорлор да бар.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жеңилдетилген насыяларды берүү мөөнөттөрүнө жана пайыздык коюмдарга көңүл бурдурду.

«Бир долбоордун суммасы 30 млн сомдон ашпашы керек. Бул каражаттар чакан жана орто бизнести колдоого арналган. Насыянын мөөнөтү 5 жылдан жогору болбоого тийиш. Бул мезгилде насыяны төлөп бүтүүгө болот. Анткени долбоор боюнча пайыздык коюмдар коммерциялык банктар тарабынан бизнести өнүктүрүүгө берилген насыяларга караганда төмөн», — деп белгиледи премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн программанын иштөө мезгилин узартуу зарылдыгына бурду.

«Насыя берүүдө финансы институттары жана Тандоо комиссиясынын мүчөлөрү, алсак, сүт заводун тигил же бул аймакта ачуунун рентабелдүүлүгү, түзүлгөн жумуш орундарынын саны жана эң башкысы – берилген каражаттардын кайтарымдуулугу сыяктуу багыттарга басым коюуга тийиш. Аны андан ары карай башка ишкерлер дагы колдонушу үчүн бул каражаттар кайтарылышы керек», — деп жыйынтыктады өкмөт башчы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.