Эртең Жогорку Кеңештин жыйыны жаш балдардын катышуусунда өтөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Ноя 2019 10:24
0 ой-пикир

Эртең 20-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттар менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын катышуусунда сессия өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы маалымдады.

Жыйын 20-ноябрда Балдардын дүйнөлүк күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына карата ѳткѳрүлүүдѳ.

Парламенттик сессияга ѳлкѳнүн аймактарынан келген 8жаштан 16 жашка чейинки жалпысынан 25 бала катышат. Жыйында  балдар өздөрүнүн укуктары жана Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ой-пикирлерин ортого салышат.

Эске сала кетсек, бүткүл дүйнөлүк балдар күнү 1989-жылдын 20-ноябрынан тартып белгиленип келет. Бул күнү дүйнө лидерлери БУУнун Башкы Ассамблеясына чогулуп, Балдар укугу жөнүндө Ковенцияны кабыл алышкан. Конвенция – тарыхта биринчилерден болуп таанылган жана дээрлик бардык өлкөлөр тарабынан ратификацияланган адам укуктары боюнча эл аралык келишим. 

Быйыл Конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгы белгиленүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.