Тажикстандык футболчулар Бишкекке келишти

Окуялар тизмеги, Өлкө 18 Ноя 2019 11:11
0 ой-пикир

Кечээ, 17-ноябрда Тажикстандын футбол боюнча курама командасы Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда эки команданын машыктыруучулары журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин жана Тажикстандын улуттук курамасынын машыктыруучусу Усмон Тошев алдыда боло турган оюн тууралуу айтып беришет.

Белгилей кетсек, 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте ойношот.

Тажикстандын командасы өткөн аптада Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде утулган.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Эсебинде үчтөн упайы бар Монголия менен Мьянма төртүнчү, бешинчи орунда бара жатышат. 

12 упай менен Япониянын курама командасы бул группанын лидери.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.