Өзбекстандан 10 ирет ууланган продукция келген, — Айыл чарба министрлиги

Аймак, Окуялар тизмеги 14 Ноя 2019 13:15
1 ой-пикир

2019-жылдын башынан бери Өзбекстандан ЕАЭБтин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Бул жөнүндө Айыл чарба, тамак аш өнөржайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10 жолу ууланган продукция келген. Акыркы жолу Өзбекстандан ташылып келген анардын ууланганы аныкталган.

Товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабораториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” вирусу менен ууланганы белгилүү болгон.

«Мындан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок. Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна продукциянын (курма, бий алма ж.б) фитосанитардык сертификаты жараксыз жана этикеткасы жок экени такталган» деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан ташып келүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Министрликтин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини департаменти кошуна өлкөнүн тийиштүү мекемесине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жатканы жөнүндө кат жөнөткөн.

Өзбекстандан 10 ирет ууланган продукция келген, — Айыл чарба министрлиги” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.