Кыргызстан-Япония оюну: эски аянтта түз көрсөтүү уюштурулат

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Ноя 2019 16:26
0 ой-пикир

Бүгүн, Кыргызстан менен Япониянын футбол командалары беттешет. Шаардык стадиондун аймагына колунда билети барлар гана киргизилет. Андыктан, билет сатып алууга жетишпей калган күйөрмандарды эски аянтта күтө турганын Футбол федерацисы билдирет.

Эски аянтта фан-зона уюштуруулууда. Ал 17.15 ачылат. Оюндун башталышы: Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 17:15.

Оюнду жайлуу көрүү үчүн шоу-программа, баалуу белектер менен конкурс, кейтиринг кызматы уюштурулду.

Эске сала кетсек, Кыргызстан-Япония оюну 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өтөт. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.

2022-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.