Бишкектин атын өзгөртүү сунушталды

Окуялар тизмеги 05 Ноя 2019 08:47
0 ой-пикир

Кыргызстандын залкар инсандарынын бири Турдакун Усубалиевдин бир кылымдык маарекесине арналган майрамдык иш-чаралар жер — жерлерде өтүүдө.

Бүгүн, 4-ноябрда Нарында анын айкели ачылып, ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, коомдук ишмерлер жана саясатчылар катышты.

Ошол эле учурда, белгилүү мамлекеттик ишмердин урматына ордо калаада Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Анда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучсуу Асан Давлетов Усубалиевдин маарекеси мамлекеттик деңгээлде уюштурулбай жатканына нааразы болду.

«Кайсыл бир көчөгө Усубалиевдин ысымын бербей, баш калааны анын урматына атасак болбойбу», — деп суроо салды ал.

Мисал катары коңшу мамлекеттин борбору Нур-Султан деп кайрадан аталганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги эски аянтка, Күрп-Сай ГЭСине жана чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.