Президент менен жолугушууга кимдер катышып, кимдер келбеди

Окуялар тизмеги, Өлкө 03 Ноя 2019 11:33
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик медиа уюмдардын кабарчылары да катышты.

Жолугушуу 7-ноябрда белгиленчү Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулуп, «суроо-жооп» форматында өттү.

Иш-чара эки сааттан ашык убакытка созулуп, президент 26 катышуучунун суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. Андан соң баарлашуу бейформал маанайда улантылды.

Коомчулук үчүн маанилүү болгон бул жолугушууга 45 киши чакырылган. Жолугушууга кимдер катышып, ал эми кимдер келбей калганына сереп салдык.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга төмөнкү ММК — телеканалдардын жетекчилери катышты: КТРК, ЭлТР, ТРК Мир, New TV, НТС, Бешинчи канал, 7-канал, Next TV, Прайм ТВ;

Маалымат агенттиктери: Кабар, АКИпресс, 24.kg, Sputnik Кыргызстан, Kaktus.media, Kloop, Elgezit, Govori.TV;

Гезиттер: «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек», «Супер Инфо», «Новые лица», «Де Факто», «Факты», «Дело №», «Жаңы Ордо», «Общественный рейтинг», «Майдан», «Фабула пресс», «Кутбилим», «Ачык сөз»;

Радио: BBC, Азаттык.

Өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК корреспонденттери: Reuters, Франс-пресс, ИТАР-ТАСС, РИА «Новости», Российская газета, Комсомольская правда, ВГТРК «Россия».

Мындан тышкары, чакырылып, бирок ар кандай себептер менен катыша албай калган ММК жетекчилери төмөнкүлөр: «Пирамида» телеканалы, Knews, Интерфакс, Eldik.media жана Tuz.kg маалымат агенттиктери, Марал радиосу, «Республика», «Азия ньюс», «Московский комсомолец» гезиттери.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.