Сооронбай Жээнбековго көпчүлүк Матраимов жөнүндө суроо бергиси келет. Сурамжылоо

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Ноя 2019 16:27
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда өлкөдөгү маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугары кабарланган. Анын алдында 24.kg маалымат агентиги интернет колдонуучулар кандай суроо бергиси келет деген сурамжылоо жүргүзүп жатат. 24.kg социалдык тармактарда көп талкуу болуп жаткан беш суроо салган.

Агенттиктин сайтында, добуш бергендердин 40% (425 добуш) Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө, тактап айтканда массалык маалымат каражаттарында айтылган фактыларга эмнеге реакция болбой жатканын сурагысы келген.

Ал эми экономика, ири долбоорлор качан ишке ашат деген суроону 17% (183 добуш) окурман бергиси келет. Күч, сот органдарындагы реформанын болбой жатканын 15% (157 добуш), коррупцияга каршы күрөш 14% (152 добуш), сөз эркиндиги, Апрель каналынын жабылышы боюнча суроону 12% (129 добуш) окурман бергиси келет.

Эске сала кетсек, эртең 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен жолугушат. Мындай жолугушуу экинчи жолу өткөнү турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.