Кубатбек Боронов: Кыргызстан тышкы карызын жер берүү менен төлөбөйт

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Окт 2019 18:11
0 ой-пикир

Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин жыйынында икийинки жылдын бюджети каралды .

Талкуунун жүрүшүндө, өлкөнүн тышкы карызынын негизги көлөмү 2025-жылга жана карызды төлөөнүн эӊ жогорку чеги 2028-жылга туш келери белгилүү болду.

Депутат Аида Касымалиева,  эгерде Кыргызстан карыздарын төлө албай калган учурда кандай боло турганын кызыкты.

Экономика министри Санжар Муканбетовдун айтуусунда, бүгүнкү күндө өлкө карызынын деӊгээли ички дүң продукцияга карата 48%ды түзөт. Дүйнөлүк практикада бул көрсөткүч 80%га жетсе, өтө кооптуу деп эсептелет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан тышкы карызын жер берүү менен төлөбөйт деп ишендирди. «Өкмөт бул маселе боюнча так жооп берди», — деди ал.

Депутат А.Касымалиева ошондой эле тышкы карыздарды төлөө боюнча көрүлүүчү конкреттүү чаралар тууралуу маалымат берүүнү талап кылды.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик ички жана тышкы карызы 4 миллиард 72 миллион доллар болду. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 50 пайызга жакынын түзөт. Ал арада депутаттар тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 60 пайыздан ашпашы керектигин билдирип келишет.

Каржы министрлиги  болсо, өлкө тышкы карыздарын  өз убагында кечиктирбей төлөп жаткандыктан тынчсызданууга негиз жоктугун билдирүүдө. 

Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.