Москвада кармалган эки кыргыз жараны боюнча элчилик үн катты

Окуялар тизмеги 19 Окт 2019 19:15
0 ой-пикир

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги «эки кыргыз жараны Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармалууда» деген маалыматты четке какты. Бул жөнүндо элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны 1-октябрда жашаган ордуна байланыштуу жалган каттоо жасап, миграциялык мыйзамды бузганы үчүн Орусияда жоопко тартылышкан.

Алар административдик жазага карабастан, Орусиянын аймагында жашоосун мыйзамдаштырбай жүрө берип, Орусиядан чыгып кетүү тартибин сактабаганы үчүн 16-октябрда Москвадан кайра кармалышкан.

Эртеси күнү алардын иши сотто каралып, ага элчиликтин кызматкери катышкан. Жыйынтыгында сот кыргызстандыктарга айып пул салып. Административдик жазага ылайык айыптуулар Орусиядан өз алдынча чыгып кетиши керек.

Сотто ал жарандар толугу менен өз күнөөсүн моюнга алган.

Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Орусиянын Акыйкатчы институтуна кайрылып, Москвада полицияда эки кыргызстандык мыйзамсыз кармалып турганы, аларга укуктук жардам көрсөтүүнү суранып кат жөнөткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.