Белгилүү рэпер Тимати уулдуу болду

Аймак, Окуялар тизмеги 17 Окт 2019 12:14
0 ой-пикир

Белгилүү Орусиялык рэпер, көп жаштардын кумири Тимати (Тимур Юнусов) уулдуу болду. Ал Инстаграмдагы өзүнүн баракчасына баласы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

“Юнусов Ратмир Тимурович / 16.10.19. Москва шаары”, – деп ырчы уулунун аты-жөнүн жалпы журтка жарыялады.

Тиматинин жубайы модель Анастасия Решетова экендиги белгилүү. Тиматинин мурунку никесинен кызы бар.

“Муну менен Black Star лейбли жана продюсерлик компаниясы мураскерлүү болду”, – деп жазышты ырчынын күйөрмандары.

Эске сала кесек, Black Star Burger компаниясы 2016-жылы негизделген жана ишкер Юрий Левитас менен Тиматинин биргелешкен долбоору болуп саналат. Тиматинин бургер ресторандары Москва, Грозный, Уфа, Воронеж жана бир катар шаарларда ийгиликтүү иштеп келет.  

Тимати бул жылы 25-мартта Black Star Burger ресторанын Бишкекте да ачкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.