Сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

Окуялар тизмеги, Өлкө 16 Окт 2019 12:03
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча алардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Бул тууралуу ЖМК Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Ал сотто ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу тууралуу өтүнүч беришкенин, сот аны да канааттандыруусуз калтырганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 15-октябрда Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйын болду. Соттук жыйынга Атамбаев катышуудан баш тарткан. Соттук угуу 16-октябрда уланат.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

Атамбаев менен Качкыналиев камакта болсо, калган эки айыпталуучу үй камагында.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.