Алмазбек Атамбаевдин “оң колунун” параллелдүү дүйнөсү

Аналитика, Статьялар 16 Окт 2019 16:29
0 ой-пикир

Алмаз БАРАТОВ – атайын Elgezit.kg үчүн

Алмазбек Атамбаевдин “оң колу”, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси учурда «барымтага алуу» жана «массалык баш аламандык уюштурууга» айыпталып №1-убактылуу кармоочу жайда камакта жаткан Фарид Ниязов 2019-жылдын 7-8-август күндөрү болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө ачык кат жолдоду. Ал комиссия мүчөлөрүнө 7 суроо узатып, жооп берүүнү сунуштап, алар боюнча өз пикирин билдирди.

Мындай тактика “шефи” Алмазбек Атамбаевдей болуп үн катпай отуруп, сотту тоготпой койгондон көрө алда канча жакшы болушу мүмкүн. Себеби Фарид Ниязов коргонууга жана коомдун пикирин өзүнө бурууга аракет кылып жатат. Укугу бар. Бирок жоопкерчиликти өзүнөн алыстатууга аракет кылып жатканын куралданбаган көз менен да көрүүгө болот.

Ниязов берген биринчи суроо жана анын өзүнүн жообу төмөнкүдөй:

1. “Массалык баш аламандыкка жана анын кесепеттерине айыптоону УКМКнын мыйзамсыз жүргүзгөн атайын операциясынан бөлүп кароо мыйзамдуубу? Чындап келсек, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан дал ушул атайын операция болду.

Мен билгенден Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ дагы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосуна экс-президент менен тынч жолугушууга келген жай жарандарга карата курал колдонуу менен жүргүзүлгөн атайын операцияны кайсы мыйзамга таянып өткөргөнүн айтып бере алган жок. Ал жакта террорчулар жок болчу”.

Мурдагы президентти тергөө органдарына алып келүү үчүн ИИМдин бөлүмдөрү тартылбай, “Альфа” атайын бөлүктүн кызматкерлери тартылганынын мыйзамдуулугу айрым юристтерде суроо жаралуусуна түрткү берген. Жакын арада бул суроого жооп алабыз деген ойдомун. Бирок түшүндүрмөсүн карасак, Фарид Ниязов убактылуу кармоочу жайда жатып алып 7-августта атайын бөлүктүн кызматкерлери тарабынан “жай жарандарга карата курал колдонуу менен жүргүзүлгөн атайын операция жүргүзүлгөн” деп коомчулуктун башын айландырууга аракет кылып жатат. Биринчиден, “куралсыз жарандар” Атамбаевдин резиденциясында жүргөндө куралчан болгонун белгилей кетели. Болбосо 7-августта УКМК кызматкерлери кайсы ок атуучу куралдардан жаракат алышты? Тизмесин эсиңиздерге салып коелубу? Мына:

1. Улук лейтенант Ж.У., Нарын облусунун тургуну, ок эки колуна тийип, манжаларын алып кеткен, көзү агып калган.

2. Майор М.Б., Ысык-Көл облусунун тургуну. Сол ийнине ок тийип, баш мээси чайкалган.

3. Лейтенант И.Б., Нарын облусунун тургуну. Октон көкүрөгүнөн жаракат алган.

4. Полковник В.А., Ысык-Ата районунун тургуну. Курсагынын сол жагынан жаракат алган.

5. Подполковник С.С., Бишкек шаарынын тургуну. Далысынын оң жагынан октон жаракат алган, оң санынан кесилген жараттарды алган.

6. Подполковник Н.А., Бишкек шаарынын тургуну. Баш мээси чайкалган.

7. Подполковник С.Ж., Ош облусунун тургуну. Колу сынган.

Ал эми «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.

Резина октордон Атамбаевдин тарапташтары дагы жаракаттарды алышкан. Бул логикага ылайык иш.

Сүрөттө — 7-8-августтагы окуяларга чейин Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн аймагына таштар түшүрүлгөн.

Ниязовдун экинчи суроосу:

2. “Атайын операциянын мыйзамсыз өткөнү жөнүндө жетиштүү негиз турса да, эмне үчүн ал операцияны жүргүзүү чечимин кабыл алган жооптуу адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартышпайт? Атайын операция оор кесепеттерге алып келди, атайын отряддын кызматкери каза тапты, эгер ал операциянын мыйзамсыздыгы далилденсе, жооптуу адамдар өз жазасын алышы керек”.

Биринчиден, эгерде “операциянын мыйзамга шайкеш келбегени” аныкталса кызматтагы адамдардын эч кимиси жоопкерчилик тартпайт деп эч ким айта элек. Экинчиден, “оор кесепеттерге, атайын отряддын кызматкери каза тапканына” Фарид Низовдун “шефинин” аракеттери алып келди. Ал президенттик такка отургандан тарта эле өзүн экинчи Кудай сезип, каалаганын жасап, бирок эч нерсеге жооп бербейм деп ойлоп келген. Өзүнө пайдасы тийбегендерди отургузуп, Баш мыйзамды өзүнүн пландарына жараша өзгөртүп, мамлекетти тажрыйбасы жок адамдарга башкартса болот деп, кызматтарды билими аз, тажрыйбасыз жакындарына бөлүштүрүп келген. Мунун баары “Оозуна ак ит кирип, кара ит чыгуу” менен коштолуп, анын чачырандылары керек болсо коңшу өлкөлөрдүн безине тийип келген.

Эгерде Алмазбек Атамбаев өзүн Роберт Кочерян же Петр Порошенко сыяктуу татыктуу алып жүрсө, суракка барып, 22-июлда үйүнө келген тергөө тобунун жетекчисин жана ИИМдин орун басарын киргизсе, анда 7-8-август күндөрүндөгү окуя болбойт болчу. Эч ким каза болбойт эле.

Фарид Ниязов 3-4-суроолорду бириктирип коюуну чечиптир:

3. «Альфа» атайын бөлүктүн кызматкерлерин ким куткарды?

4. «Альфа» атайын бөлүктүн кызматкерлерин ким жардамсыз, колдоосуз калтырды?

Атамбаевдин үйүнө куралдуу адамдар кол салып, ал жердеги жарандарды аткылагандан кийин жергиликтүү тургундар Атамбаевдин үйүнө келишти.

Алар жаалданып алышкан болчу, Атамбаевдин тарапташтарынын аракети менен гана атайын отряддын кызматкерлерин мындан да жаман кесепеттерден сактап калууга мүмкүн болду.

Атамбаевдин тарапташтары дарыгерлерди жарадар болгон жоокерлерге киргизишти, ооруканага алып кетүүгө жардам беришти. Калган 6 спецназды эртеси эртең менен УКМКнын өкүлдөрү келип, коопсуз жерге чогултулуп коюлган куралдары менен кошо алып кетмек.

Бирок УКМК өзүнүн адамдарын жиберген жок, мындан улам Атамбаевдин тарапташтары өздөрү калган спецназдарды жеткирип беришти. УКМК аларды жардамсыз калтырды.

“Атамбаевдин үйүнө куралдуу адамдар кол салып, ал жердеги жарандарды аткылагандан кийин жергиликтүү тургундар Атамбаевдин үйүнө келишти” — бул шедевр! Маалыматты бул адамдай бурмалоону баары эле биле бербейт. Эгерде “куралдуу адамдар кол салып, ал жердеги жарандарды аткылаган” болсо анда жай тургундар арасынан жаракат алгандар кайда? Же Ниязов дагы жаракат алган жарандар ооруканага баруудан коркуп, үйлөрүндө дарыланып жатышты деген жатабы? Бирок октон алган жаракатты зеленка менен айыктыруу мүмкүн эмес.

Учурда «барымтага алуу» жана «массалык баш аламандык уюштурууга» айыпталып жаткан Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жакындары спецназдар барымтага алынбай эле, алар жай тургундар тарабынан сакталып калган дешип, коомчулукту ишендиргиси келип жатат. Бирок интернет эч нерсени эсинен чыгарбайт эмеспи. 8-августта Фарид Ниязов журналисттерге окуя жана спецназдар тууралуу пикирин билдирген. Ал өзү алардын талабы аткарылбаганын, ошондуктан спецназдарды кое бербей жатышканын айткан. Бул тууралуу видеожазуу да бар, аны YouTube желесинен оңой эле табууга болот. Башкача айтканда, спецназдар Атамбаевдин үйүндө күч менен кармалып турушкан. Муну барымтага алуудан башка кандай атаса болот?Алар өз каалоосу менен ал жакта жүрүшкөн эмес жана каалаган маалында ал жактан кете алышкан эмес. Ошондуктан канчалык актанбасын факт деген факт боюнча калат.

Сүрөттө — А.Атамбаевдин үйүндө барымтага алынган “альфачылар”.

Фарид Абилезимовичтин 5-суроосу:

5. “Эмне үчүн экс-президенттин тарапташтары жаалданган элди тынчытып, 7-август күнү кечинде Бишкекке баруусуна жол беришкен жок? Бул учурда күч органдарынын ындыны өчүп турган кез эле. Нааразы элдин саны аябай өскөн, бирок Атамбаевдин тарапташтары жана экс-президент өзү кан төгүүгө жол бергиси келбей, тынч диалогго умтулушкан. Өлкөдөгү тынчтык баарынан жогору”.

Эгерде бул тууралуу пикир жаза баштасак, анда жалаң гана пиии… деп жабыш керек болот. Тасмаларда жана видеолордо уят сөздөрдү ушундай үн менен жабышат эмеспи.

Фарид Ниязов Атамбаев менен анын тарапташтары үчүн “өлкөдөгү тынчтык баарынан жогору” экенин айткысы келип жатат. Ошондуктан алар мурдагы президент кармалганда, 7-августта кечинде Ак үйдү басып алуу үчүн Бишкекке барышпаптыр.

Башкача айтканда, Ниязов Атамбаев акыркы эки жылда бийликтен ажырап калганы үчүн болгон күчү менен өлкөдөгү абалды чыңалтууга аракет кылганын унутуп калганбы? Же биз Ниязов менен параллелдүү реалдуулукта жашайбызбы?

Фарид Ниязовдун алтынчы жана жетинчи суроолорун бириктирип койсок болчудай, себеби алардын мазмуну окшош:

6. Эмне үчүн Атамбаевдин тарапташтары эртең менен айтылгандай, саат 16:00дө Кой-Таштан «Медиа форумду» көздөй түшүшкөн жок?

Алар спецназдарды жана алардын куралдарын алып кете турган УКМК өкүлдөрүн күтүшкөн. Куралдарды кароосуз калтырып коё алышкан жок жана бийлик «демонстранттар Бишкекке курал менен түшүп келатат» деп жар салышына жол бере алышмак эмес.

7. Эмне үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-августка караган түнү жасаган кайрылуусу тынч мүнөздө болгон жана бийликти терең ойлонуп, сүйлөшүүгө келүүгө чакырыкты камтыган? Экс-президент кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенген.

Бул жерде дагы пиииии… Мындай калп айтууга болбойт. Көрсө, Атамбаевдин тарапташтарынын 8-августта 16:00дө Кой-Таштан «Медиа форумду» көздөй келбегенинин бир гана себеби бар экен – алар өздөрү “сактап” калган “спецназдарды жана алардын куралдарын алып кете турган УКМК өкүлдөрүн күтүшүптүр. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин 8-августка караган түнү жасаган кайрылуусу каршылашууга чакырбай эле сүйлөшүүгө келүүгө чакырыптыр.

Сүрөттө — 8-августта эртең менен А. Атамбаев ММКга маек берүүдө.

Атамбаевдин билдирүүсүндөгү “тынчтыкка жана сүйлөшүүгө келүүгө чакыруу” төмөнкүдөй мазмунда болгон: “Кой-Ташта жаракат алгандар Жээнбековдун абийиринде”, “бийлик башалмандык кылып жатат”, “Биз бул башаламандыкты токтотуу үчүн Ак үйгө барып мөөнөтсүз митинг кылабыз”, “өлүм үчүн Сооронбай Жээнбеков жооп берет”, “аларга менин көрсөтмөмдүн кереги жок, аларга Атамбаевдин унчукпай калганы керек”, “Мен Сооронбай мууздаганга алып бара турган кой эмесмин”, “бул бийликке чындыктын кереги жок” ж.б.

Жаран катары мен акырында бир гана сөз айтам. Алмазбек Атамбаев жана анын жакындары жоопкерчиликтүү саясатчы болуп, эл жана өлкө тууралуу ойлоп, бийликти эңсеген амбицияларын ишке ашыруу үчүн жеке өчүн алууну көздөбөсө эч кандай Кой-Таштагы окуя болмок эмес. Бүттү. Чекит.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.