Батукаевдин иши боюнча сот Атамбаевсиз өтөт, — адвокат

Окуялар тизмеги, Өлкө 15 Окт 2019 16:43
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча баштапкы отурум болуп, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралмак.

Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдиргендей, баштапкы угуулар башталды. Баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтөт.

Баштапкы соттук жыйын 11-октябрда башталган. Бирок Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн эки жолу баш тарткан.

Буга чейин ИИМден билдиришкендей, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүүлөргө 19 билдирүү берилген. 14 шектүүлөр сот менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп беришкен.

Сот менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон шектүүлөр боюнча кылмыш иштин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иш 28 томду түзгөн. Жалпысынан 451 том.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.