Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыяладыбы?

Окуялар тизмеги, Өлкө 15 Окт 2019 12:10
0 ой-пикир

УКМК тергөө абагында отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыяларын анын адвокаты Замир Жоошев айтып чыкты.

Жоошевдин айтымында, башында эле мурунку президент бир да жолу көрсөтмө бербегенин, соттук териштүрүүлөргө катышбарын жана бул чечимин өкүм чыкканга чейин өзгөртбөрүн айтып келген.

Ал эми ачкачылык акциясын баштоону Биринчи Май райондук сотунда аны күчтөп алып келүү боюнча соттун көрсөтмөсүнөн байланыштуу кабыл алган. .

«Азыркы учурда мурдагы президенттин кан басымы түшүп кеткен. Өзүнүн айтымында, 1 же 2 жолу эле тамактанбай койсо, бутуна тура албай калчу абалда. Атамбаевдин айтуусунда, бийлик анын өлүмүн кааласа, анда ушундай жол менен ошого жетише алат», — дейт Замир Жоошев.
 
Адвокат мурунку мамлекет башчысы бул аракети менен бардык мыйзамсыздыктарга каршылыгын билдирип жатканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу өтмөк. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга келүүдөн баш тарткандыктан, алдын ала уктуруу 15-октябрга экинчи ирет жылдырылган.

Буга чейин ИИМден билдиришкендей, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүүлөргө 19 билдирүү берилген. 14 шектүүлөр сот менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп беришкен.

Сот менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон шектүүлөр боюнча кылмыш иштин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иш 28 томду түзгөн. Жалпысынан 451 том.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу кылмыш иштин алкагында айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.