“Жерүйдүн” айланасындагы чууга кимдер кызыкдар?

Аналитика, Статьялар 14 Окт 2019 11:22
0 ой-пикир

Алмаз БАРАТОВ – атайын Elgezit.kg үчүн

“Жерүй” кени боюнча маселе толугу менен аягына чыккандай болгон. Макулдашууга кол коюлуп, инвестор аныкталып, журналисттерди жерине алып барышып кечигип болсо дагы курулуп жаткан алтын казуучу фабриканы көрсөтүшкөн. Бирок сентябрь айынан баштап кендин айланасында абал курчуй баштаган. Өздөрүн жарандык активист деп атагандар “Жерүй”: кечээ, бүгүн, эртең” деген чакырыктын алдында элдик чогулуш өткөрүүнү демилгелешип, “Жерүй” кенин иштетүүгө берилген лицензия боюнча сынактын мыйзамдуулугун, ачык-айкын өткөрүлгөндүгүн текшерүү талабын коюшту. Ошондой эле алар долбоордо эмнеге Кыргызстандын үлүшү жок деген маселени көтөрүштү. Мындан сырткары, активисттерди “Жерүй” менен Өмүрбек Бабановдун жана Алмазбек Атамбаевдин байланышы бар же жок экени кызыктырды.

“Жерүй” Кыргызстанда алтындын кору бар кендердин арасынан “Кумтөрдөн” кийинки эле орунда турат. 88 тонна алтындан сырткары 25 тонна күмүш кору бар. Ошондуктан Советтер Союзу урагандан кийин кен инвесторлор үчүн “майлуу” жер болуп саналып келет. “Жерүй” кенин иштетүү максатында Кыргызстанга 11 чет элдик компания келген. Бирок америкалыктардан кийин британиялыктар, алардан соң канадалыктар, казактар ж.б. иштетүүгө бел байлап келишкен. Инвесторлордун улам-улам алмашуусунун себептери ар түрдүү. Бири банкрот болсо, экинчилери бийлик менен бир пикирге келе алган эмес, ал эми башкалары жергиликтүү тургундар менен келише албай калышкан. Көпчүлүгү эл аралык соттор аркылуу Кыргызстандан компенсация өндүрүүгө аракет кылышкан.

Азыр “Жерүйгө” ким ээлик кылат?

2015-жылы кенди иштетүү укугун берген лицензияны берүүгө сынак жарыяланган. Ага 3 компания: Polyus Gold International компаниясынын алдындагы, көзөмөл пакеттери россиялык олигарх Сулейман Керимовго тиешелүү болгон «Алданзолото ГРК», дагы бир россиялык олигарх Муса Бажаевге тиешелүү болгон «Русская платина» компаниясынын курамына кирген «Восток геологодобыча» жана «Кыргызалтын» АКсы катышкан.

Сынактын экинчи этабында, сынактын жыйынтыгы жарыяланарына аз калган маалда Кыргызстанга келип, өлкөнүн жетекчиси менен жолугушкан Сулейман Керимовдун компаниясы утат деген ушактар чыгып кеткен. Жергиликтүү саясатчылар жана серепчилер арабдар менен өнөктөш болгон “Кыргызалтындын” сынактан жеңиши Кыргызстан үчүн пайдалуу болорун айтышкан. Бирок Өмүрбек Бабанов менен жана ошол маалдагы өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен достук мамиледе болгон Муса Бажаев утуп чыккан. Бажаев лицензияны 100 миллион долларга сатып алып, мындан сырткары, Кыргызстанга карата мурдагы инвесторлор жазган арыздын негизинде 580 миллион долларды төлөп бермекчи болгон. “Жерүйдү” өздөштүрүү үчүн «Восток – геологодобычанын» алдында «Альянс Алтын» ЖЧКсы түзүлүп, долбоорду ишке ашырууга киришкен.

Муса Бажаев долбоорду толугу менен өз чөнтөгүнөн каржылаган эмес. Инвестициянын жалпы көлөмүнөн 180 миллион долларды лицензияны күрөөгө коюу менен “ВТБ банктан” насыяга алган. Ишканананын үлүшү дагы бөлүнүп кеткен. 70% “ВТБ банкка”, ал эми 30% акционерлерге тиешелүү болгон.

Кыргыз бийлигинин инвесторлорго карата ийкемдүүлүгүнөн жана Өмүрбек Бабановдун өлкөдө мурдагы позициясын жоготкондугунан пайдаланып Муса Бажаев “Жерүй” боюнча Макулдашууга Владимир Путиндин 2019-жылдын март айында Кыргызстанга жасаган иш-сапарынын алкагында кол койгон. Башкача айтканда, россиялык бизнесменди Макулдашууну кайра карап чыгууга көндүрүү мүмкүн боло турган болсо, “ВТБ банк” жана Путин менен мышык-чычкан ойноо мүмкүн эмес. Ошондуктан азыр кол коюлган Макулдашууну кайра карап чыгууга жол жабык. Ал эми жарандык активисттер жана айрым саясатчылар, ошол эле Азимбек Бекназаров аны кайра кароону талап кылышууда.

Чагымчыларбы же патриотторбу?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-сентябрда “Жерүй” боюнча азыркы макулдашууга каршы болуп жаткан жарандык активисттерди кабыл алды. Бул тууралуу ММКлар жазышты. Алардын айтымында, активисттердин суроолоруна жооп даярдоо үчүн Өкмөт башчы 2 ай сураган. Ал эми Азимбек Бекназаров болсо маалымат жыйыны учурунда аткаруу бийлигинин башчысы 2 айда “Жерүй” боюнча Макулдашууну карап чыгууга сөз бергенин билдирди. Бул ар түрдүү саясий күчтөрдү бириктирген элдик курултайдын талабынын бири болчу. Ал эми Абылгазиевдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев ММКларга Өкмөт башчы Бекназаров менен жолугушканын, кендер тууралуу сөз болгонун билдирип: “…Бирок Азимбек Бекназаров премьер-министрдин тоо-кен ишканаларындагы мамлекеттин милдеттүү үлүшү жөнүндөгү сөздөрүн таптакыр туура эмес чечмелеген. Ооба, мындай ыкма бүгүнкү күндө активдүү колдонулууда, себеби, дал ушундай үлгү тоо кен тармагына өз капиталын салып жаткан инвесторлор үчүн кепилдик болуп берет, жергиликтүү эл менен инвестордун мамилесин турукташтырууга, конструктивдүү жолго багыт алууга шарт түзөт. Бул ыкманы премьер-министр инвестор үчүн да, мамлекет үчүн да туура жана экономикалык жактан пайдалуу деп эсептейт. Мындай принцип боюнча Алтынкен, Терек-Сай, Макмал кендери иштеп жатат. Премьер-министр дал ушуларды айткан” деди.

Ал эми “Жерүй” жана Муса Бажаев тууралуу Султаналиев буларды баса белгилеген: “Компания Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, учурда кызматташтыктын бардык шарттарын өз учурунда аткарууда. Мухаммедкалый Абылгазиев дагы элдик курултайдын өкүлдөрү менен жолугушканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматташтыктын бардык шарттарывн так сактоого умтулат, анткени бул өлкөнүн инвестиялык климаты үчүн өзгөчө мааниси бар. Муну менен катар Өкмөт Жерүйдөгү бардык экологиялык жана техникалык нормалардын аткарылышын өзгөчө дыкаттык менен көзөмөлдөп жатат. Ишканада миңден ашык жумуш орундарын түзүү пландалды, анын 90% кыргызстандыктар түзөт. Долбоорду жүзөгө ашырууда жергиликтүү эл менен өз ара пайдалуу кызматташууга өзгөчө маани берилет. Өкмүт бул багытта ырааттуулукту жана жетишилген келишимдин шарттарын так сактайт”.

Бирок жарандык активисттер мындай кадам менен макул болбогондой. “Жерүйдөгү” инвесторлорго каршы чыгып жаткандардын бири Айбек Бусурманкулов. Бул жигиттин өмүр таржымалын окуп чыга турган болсок, ал баардык нерсеге каршы болуп келиптир. Кыргызстандын Бажы биримдигине каршы, коомдук транспорттун акысынын жогорулашына каршы, орус тилинин расмий макамына каршы, КТРКнын жетекчилигине каршы ж.б.

Өз убагында Айбек Бусурманкулов “Кыргызстан коммерциялык банкынын” “Учкун” бөлүмүндө иштегени кызык болуп турат. Башкача айтканда, Өмүрбек Бабанов менен кызматташып келген. Демек, «Альянс Алтын» ЖЧКсынын артында ким турганын талап кылганын мурдагы “шефинен” өч алуу деп эсептесек болобу?

Бийлик үчүн пат кырдаалы жаралды

Азимбек Бекназаровдун акыркы маалымат жыйынына жана жарандык активисттердин билдирүүлөрүнө караганда алар максаттарына жетмейинче тынч отурушпайт. Ал эми парламенттик шайлоо алдында эл өзүнөн өзү жанданат эмеспи, ошол абалдан пайдалангандар “Жерүй” кени боюнча Макулдашуу биз үчүн пайдалуу эмес экени тууралуу мындан да катуу жар салышары бышык. Балким, азыркы активдүүлүк деле кимдир бирөөлөр үчүн упай топтоодур.

Баса, “бульдозердин” тоо-кен тармагындагы көйгөйлөрдү, тактап айтканда “Кумтөр” жана “Жерүй” боюнча маселелерди көтөрүп чыкканында дагы кызыкчылык жок эмес. Ал эгер бийлик “Кумтөр”, “Жерүй” жана Конституция маселелерин чечсе, ал ишке кирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого даяр экенин айткан. Башкача айтканда, дал ушундай шарттар менен Бекназаров сүйлөшүүгө барууга даяр.

Бирок баардык нааразы болгондор менен сүйлөшүп, бир бүтүмгө келүү мүмкүн эмес. Ошондуктан бийлик үчүн күз, кыш айлары ысык болчудай.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.