Шейшеп жамынган жаштар талкууда

Окуялар тизмеги 07 Окт 2019 11:04
0 ой-пикир

Кара-Балта шаарында 5-октябрда шаардык сейил бакта жаш түгөйлөр кийими жок, шейшеп оронуп алып, сүрөткө түшкөн. Бул тууралуу аларды көргөн жергиликтүү тургундар билдиришти. «Биз жаш балдар менен сейил бактан өтүп баратканыбызда сүрөткө түшүп жаткан жаштарды көрүп калдык. Көрсө алар үйлөнүү тоюна карата фотосессия даярдап жатышыптыр. Акыркы кезде жаштар башкалардан өзгөчөлөнөбүз деп, чектен ашып бара жатышат», — деди Кара-Балтанын жашоочусу Бакас Карыбеков.

Маалым болгондой, сүрөткө түшүп, талкууга алынган түгөйлөрдүн фотосессиясы Ленин атындагы маданият үйүнүн алдында болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.