Тролль оюндары

Аналитика, Статьялар 04 Окт 2019 12:53
0 ой-пикир

Темирбек ОРОЗБАЕВ – атайын Elgezit.kg үчүн

Депутат Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда жалган маалымат таратып жаткан “интернет-троллдорду” жана жасалма, жүзү жок фейк аккаунттарды кандайдыр бир жол менен жоопкерчиликке тартуу керектигин билдирди. Эл өкүлү бул сунушун “троллдор” парламентти каралап, парламенттин ишин туура эмес өңүттө көрсөтүп жатканы менен түшүндүрдү.

“Албетте, соцтармактардын өнүгүшү сөз эркиндиги, жеткиликтүү, ыкчам маалымат катары жакшы, бирок, жалган маалыматты таратуу күч алып жатат. Алдыда парламенттик шайлоо, демек, талапкерлер туурасында калптар көбөйөт. Бул тынчсыздандырат”, — деди эл өкүлү.

Буга социалдык тармактагылар нааразы болушуп, бир топ сындар айтылды. Өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана мындай жол менен элдин оозун жабуу аракети болбошу керектигин жазып чыгышты.

Бирок бул маселеге көңүл бөлүп, аны жоюу жолдорун ойлонуу керектигин айтып коелу. Троллдор интернетте толуп кеткенин жана кимдир-бирөөнүн гана кызыкчылыгын коргогон маалыматтарды таратып жатышканын танып болбойт.

Бир жагынан алганда биз социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган маселелерге бийлик реакция кылып жатканын көрүп жатабыз. Ага мисалдар көп.

Бирок элестетиңиз, кимдир бирөө бул ишке чындап киришип, олуттуу “тролль-түзүмдөрдү” түзүп, ага каражаттарын салчу болсо, ал киши коомчулукта пикир жарата алат жана бийликти каалашынча калчашы толук ыктымал, кабинетинен чыкпастан бийлик менен соода да жүргүзүшү мүмкүн.

Эч кандай себеп болбосо бул тууралуу эч ким деле эстебейт эле. Бирок жакында эле болгон Кой-Таштагы окуяларды эстеп көрөлү. Дал ошол маалда троллдор жаандан кийинки козу карындай эле жыбырап чыгышты. Биздин редакция айрым сюжеттерге, анын ичинде атайын монтаждалган сүрөттөргө көңүлүңүздөрдү бурган болчу.

Социалдык тармактарда ал күндөрү айыгышкан маалыматтык согуш болгон, аймактар аралык карама-каршылыктар күч алган, көпчүлүк жарандар “виртуалдык дүйнөдөгүлөрдүн” торунда калышкан.

Дал ушул социалдык тармактардагы жалган маалыматтарга ишенип алган айрымдар мыйзам бузууга чейин барышты.

Тилекке каршы, “фейк топторунун” кызматына көбүнчө саясатчылар жана бийликтеги аткаминерлер кайрылышат, бирок бул кызматты пайдалангандар дагы курмандык болуп калышы толук мүмкүн.

Ошондуктан көйгөй бар экенин, Кыргызстанда “саясий тролль” көрүнүшү күн санап күчөп жатканын моюнга алуу маанилүү. Жана коомчулукту жалган маалыматтардан коргоо жолун издөө керек.

Бул биздин гана эмес, дүйнөлүк масштабдагы көйгөй десек болот жана ар бир өлкө алар менен өз алдынча күрөшүп келет.

Бизде болсо азырынча буга көңүл буруша элек. Төрөбаевдин айткан сөздөрүнө көңүл бурсак: “Акыркы кезде фейк-аккаунттар парламенттин ишин жамандап, анын аброюн түшүрүп жатышат. Биз унчукпай койсок, бул туура эмес болуп калат. Бизге коррупционер ж.б. деп сын тагышат. Калыстык үчүн карасак — пара менен ким кармалып жатат? Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү. Коомдук терс пикирди биз жакка бургулары келип жатат”.

Эгерде троллдор парламенттин ишин гана сындап, аларды жок кылууга аракет кылып жаткан болсо жана жүзүн жашыргандар бийликтин кишилери болсо, анда абал бир топ начар десек болот.

_____________________________________________________________________

Elgezit.kg сөздүгү:

Тролль — интернет-чагымчылардын аталышы.

Тро́ллинг — социалдык тармактарда чагымчылдык кылып, бирөөнү шылдыңга алуунун бир түрү. Айрымдар троллинг аркылуу өздөрүн таанытууга ашыкса, кээ бирлери жашыруун түрдө, жүзүн ачпай иш алпарышат.

Саясий троллинг — коомчулуктун пикирин Интернет аркылуу белгилүү бир багытка буруу үчүн интернет-колдонуучулардын уюшулган иш-аракеттери.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.