Депутат: «Бешинчи канал сатылсын»

Окуялар тизмеги 03 Окт 2019 09:13
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатыкка коёлу деген демилге көтөрүп чыкты. Ушундай видеокайрылууну ал 1-октябрда интернетке чыгарып, сунушту премьер-министрге жазуу түрүндө жолдой турганын айтты.

«Акыркы кездери баарыбыз байкагандай, «Азаттык» журналисттик иликтөө жарыяласа, ошол эле аренага биздин «Бешинчи канал» чыгат. «Бешинчи канал» — мамлекеттик. Мамлекеттик канал эркин прессаны сындабашы керек. Себеби, бул сын мамлекеттин атынан айтылып жаткандай түр калтырат. Мен бизге бул каналдын кереги жок деп эсептеймин. Биз ага бир тыйын да бөлбөйбүз. Биз аны сатууга тийишпиз. Мен эртең эле премьер-министрге ушул сунуш менен кат жазып, «Бешинчи каналды» сатыкка коюшун айтам», — деди Бекешев.

«Бешинчи канал — мамлекеттик»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.