Жалал-Абад шаарында мушташкан шектүүлөр кармалды

Окуялар тизмеги 12 Сен 2019 13:23
0 билдирүү

Жалал-Абад шаарында түнкү клубда мушташкан шектүүлөр кармалды.Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирет.

2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» аттуу түнкү клубунун жанында, Базар-Коргон районунун тургуну 1993-ж.т. Б.М.ди өзүнө бейтааныш балдар пикир келишпестиктен зомбулук көрсөтүп, уруп коюшкан. Натыйжада Б.М. денесинен жараат алып Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракетинин жүрүшүндө Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Б.М. окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдери далил катары алынып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жерде турган кызыл түстөгү заттар алынды. Алынган буюм далилдерге карата соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле, бул окуяга тиешеси бар делген атуулдардын өздүктөрү аныкталып,  жүргөн жерлери такталып, шектүү катары 2 жаран тергөөгө алынып келинген.

2019-жылдын 10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин  98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-ж.т. тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Cүрөт:  Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.